Агрегат

Википедия дан

Агрегат - (латынча aggregatus бириктирген) кандайдыр бир татаал машинанын бир нече тетиктери кошулуп, толук бир бүтүндү түзгөн бөлүгү же түйүнү. Бул түйүндөр айрым функцияларды өз алдынча аткарып, бири-бирин толук алмаштыра алат. Агрегаттын түрлөрү: 1) машиненин агрегаты технологиялык процессте машинанын белгилүү функция аткарган, өз-ара алмашууга жарамдуу бир бөлүгү (мисалы, электр кыймылдаткыч, насос ж. б.); 2) бир курамда иштеген бир нече машинанын механикалык бирикмеси (мисалы, айдоо агрегаты трактор, соко, маладан турат); 3) минералдардын жана алардын өсүндүлөрүнүн жыйындысы (мисалы, кварцтын, слюданын агрегаты).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1